Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Эмгектенүүгө укук

ЭМГЕКТЕНҮҮГӨ УКУК – бир катар өлкөлөрдө адамдын (же жарандын гана) конституциялык (экономикалык) укуктарынын бири. Э. у. иштөөгө жана анын сапатына жана санына жараша, ал турмак мамлекет белгилеген эң аз өлчөмдөн кем эмес эмгек акы алууга укук катары түшүнүлөт. Э. у. конституциясында бекитилген көп эмес өлкөлөрдө (Италия, Болгария, ж. б.) анын так юридикалык мазмуун-маңызы жок жана мамлекеттин баардык эмгектенүүнү каалагандары үчүн тийиштүү шарттары бар эмгек орундарын түзүп берүүгө милдетүүлүгүн гана түшүндүрөт. КР Конституциясында көптөгөн жаңы конституциялардай эле Э. у. тууралуу эмес, эркин эмгектенүү укугу тууралуу айтылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: