-
сөөк
-
зат. 1. Омурткалуу жаныбарлардын, адамдын скелетинин* бөлүктөрун түзүүчү катуу зат. Пилдин сөөгү. Кишинин сөөгү. Малдын сөөгү. - 2. Айрым жемиштердин данегин каптаган катуу кабыгы. Өрүктүн сөөгү. Алчанын сөөгү.
- 3. Теги, негизи, тукуму. Сөөгү таза мал. Кыргыз жылкысы, сөөгү ушак болгон менен, чаалыкпас тукумдан (Сыдыкбеков). Айсалкын адамдын асылы, сөөгү таза жан («Ала-Тоо»).
- 4. Өлүк. Калтабай сөөктү үйүнө эки түнөттү, эки күнү конок күттү (Аалы). Егордун сөөгүн мүрзөгө койгондо Ашырда катышты (Сасыкбаев).
- 5. Кудалык жактан болгон тууганчылык, жакындык. Дос айрылат, сөөк кайрылат (макал). Сөөк болушуу.
♦ Сөөгү агаруу — 1) семирүү, эттенүү; эс алуу, тыныгуу. Сөөгү агарсын Алгара, Көп минилди жаныбар («Семетей»).. Атыңды жайлоого чыгарып, сөөгүн агартып ал; 2) ыраазы болуу. Сөөгүм силерден агарды. Сөөктөн өтүү; сөөккө батуу — жанга батуу, көкөйгө тийүү, көңүлү калуу. Сай-сөөгүсыздоо — кейүү, кейиште калуу, күйүнүү. Сөөк өчтүү — эскиден бери кас, жылдызы каршы, өчү бар. Ак сөөк — аристократ, теги, ата-бабасы «жогорку» таптан болгон, жөнөкөй, карапайым элден аристократтыгы жагынан өзгөчөлөнгөн. Ыргыткан сөөк: башына тийбеген — түгү жок, жакырланган, каңгырап бош калган, сандалган, арып-ачкан. Сөөгүн сөпөт кылуу к. сөпөт. Сөөгүнө сиңүү — адат, өнөкөт болуп калуу. Омор байыртан сөөгүнө сиңген адаттарын таштай элек (Сыдыкбеков).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
СӨӨК