Menu
Эл-Сөздүк

Пир

Пир – (ир. эски, кары, билерман кары) түрк тилдүү элдердин мифологиясында ар кандай иштин колдоочусу. Түрк мифологиясында кеңири өнүккөн. Ислам дининин пайда болушу менен мусулман мифологиясында көптөгөн пирлер келип чыккан. Мис., иттин пири – Кумайык, суунун пири – Сулайман, койдун пири – Чолпон Ата, жигиттин пири – Шаймерден, устанын пири – Дөөтү, чечектики – Коросон Ата, табыптын пири – Улукман ж.б. Элдер ошол пирлердин атына сыйынган, алар колдойт деп ишенишкен… Кээде зоболосу бийик, ашкере акылман, көсөм карыя, бирөөлөр ыйык туткан адамы да пир деп эсептелет (Манас энциклопедиясы. 2- том. – Б., 1995. 154-б.).

пир

зат. 1. дин. Динчил адамдардын олуя катарында эсептеген насыятчысы, акыл-насыят берүүчү жетекчиси, колдоочу. Манаптан башка тилиң жок, Кожодон башка пириң жок (Токтогул). Билгизгин жакшы жолуңду, Пир кылып тутам колуңду («Манас»).
2. өт. Урматка ээ болгон, акыл-насыят берүүчү карыя; колдоочу. Канча айтса да өзүмдөн чыккан пирим эле («Ала-Тоо»).

So following similar words is found:
strtoupper(KG)


Found words in another language:

RU


Found similar words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: