ПАРЛАМЕНТ (фр. раrlе – сүйлөө) – 1) демократиялык мамлекеттердеги жогорку өкүлчүлүк жана мыйзам чыгаруу органдарынын аталышы. Улуу Британия, Франция, Италия, Канада, Бельгиядагы мындай органдар «П.» аталат; АКШда жана Латын Америкасынын көпчүлүк өлкөлөрүндө ал «конгресс» аталат, Россияда – «Федералдык Жыйын», Литва менен Латвияда – «сейм» ж. б. у. с. бир палаталуу менен эки палаталуу тутум өзара өзгөчөлөнүп турат (кара:Бир палаталуу тутум, Эки палаталуу тутум.); 2) КР П-и Жогорку Кеңеш аталып, ал мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөл иш-милдетин жүргүзө турган өкүлчүлүк органы болуп саналат. КР ЖК курамы бир мандаттуу аймактык шайлоо округунан беш жылдык мөөнөткө шайланган 75 депутаттан турат. КР ЖКнын депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партиялар менен өз талапкерлигин өзү көрсөткөн жарандарга тийиштүү. КР ЖК депутаттары жалпы теңдештик жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат. КР ЖК депутаттарын шайлоо тартиби мыйзам аркылуу аныкталат. КР ЖК-нын келерки чакырылышын шайлоо КР ЖКнын ыйгарым укуктуу ар бешинчи жылынын февраль айындагы акыркы жекшемби күнүндө өткөрүлөт.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как Парламент
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
9Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 0 + 9? Ответ:
Отправить