папка зат. Ичине кагаз салып сакташ үчүн ылайыкталып картондон, булгаарыдан ж. б. жасалган мукаба; кармагычы жок портфель. [Сапар] папкасын колтуктап Шариптин артынан чыкты (Бейшеналиев).