-
КӨЧӨТ
-
бири-бирине окшошпогон эки-үч элементтин айкалышынан турган түрдүн, сөлөкөттүн, көркөмдүктүн жердикке ирети менен алмашылып берилиши. Көчөт килемчиликтин, саймачылыктын, өрмөкчүлүктүн, чырмакчылыктын, негизги көркөм каражаты болуп саналат. Көчөт көчүрүү алмак-салмак орун алмаштыруу деген түшүнүктү берет. Ал аркылуу бир бүтүм орду түшүүгө мүмкүн. Чыгаан саймачылар, өрмөкчүлөр, килемчилер, чырмакчылар мунун ички сырларын мыкты чечмелей алышат. Көркөм көчөттөрдө жашоо-турмуш, кесипчилик, жаратылыш жана айбанаттар дүйнөсү элестелип турат.
Найдены по другим направлениям
-
көчөт
-
зат. 1. Кийин көчүрүп тигиш үчүн питомникте же башка ылайыкталган жайда уругунан же болбосо чырпыктарынан көөмп өндүрүлгөн жаш өсүмдүк. Алманын көчөтү. Капустанын көчөтү. - 2. Нерсенин бетине кооздолуп түшүрүлгөн оймо-чийме, түр, сайма. Түрлүү көчөт гүлү бар, Килеми сонун кыргыздын (Барпы).
- 3. Бирөөнүн оорусун башка бир нерсеге (ташка ж. б.) дубалап көчүрүп, аны алыс алып барып таштоо менен оору киши айыгат деген түшүнүк боюнча дарымдоо жолу.
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КӨЧӨТ