-
КҮЛДҮР
-
КҮЛДҮР — эпизоддук кейипкер. Маңгул баатыры, Күнөс балбандын агасы. Жакып, Чыйырды, Бакдөөлөт үчөө түш көрүп өткөргөн түлөөгө чакырылат. Манас маңгулдарды Нескарадан куткарып калганда он төрттөгү уулу Чаганбайды Манаска жолдош кылып берет. Алтайдан Анжиянга көчүү тууралуу кеңешке катышат (Сагымбай Орозбаков, 1. 60, 231 — 232, 250). Башка учурларда Чалыбайдын атасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 39, 93, 144, 149, 180, 419; 3. 48, 165; 4. 43, 52).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КҮЛДҮР