Menu
Эл-Сөздүк

как

как (кургатылган жемиш), кагы, какка

как

как (такт.)
как баш (какбаш эмес)
как чеке
как чоку

как

как (дал)
как жарган
как маңдай
как өзү
как түштө

как

как: как эт-

как-

как-, кагат, каккан
кагып-силкип
кагып-согуп

как

I зат.. Кургатылган жемиш, же кесип кургатылган коон. Карагаттарын жайпак табакка салып как кургатышты. [Куржундун].. эки көзүндө өрүк кагы, жийде сыяктуу кургак жемиштер бар (Абдукаримов).
КАК II сын. Кургак, кургаган, кургап калган. Как жыгачтан даярдалган отун (Аалы).
¨ Как баш к. баш.
КАК III такт. Дал, так. Адистиги ар канча, Аткан экен как көзгө («Манас»). Көчөнүн как ортосунда. Камалышып тоскондор Как жарыла берди дейт (Үсөнбаев).
КАК IV туур. Көбүнчө карганын үнүн туурап айтуу үчүн колдонулат. Как эткен карга, кук эткен кузгун жок ээн жер (Абдукаримов). Карганын как эткени өзүнө кубаныч (макал).
КАК V этиш. 1. Казыкты, мыкты, шынааны ж. б. уруп, чаап киргизүү. Казык какты. Мык какты.
  1. 2.                  Ургулоо, такылдатуу. Айтылган үйдүн эшигин каксам, табыш жок (Жантөшев).
  2. 3.                  Уруп, чаап өзүнө жакындатпоо, өзүнөн алыстатуу, четтетүү. Найзасын эр Тиштээктин туура кагып, Аксакал сайыш жолун ачып алды (Маликов).
  3. 4.                  Бир нерсени (мис., кийим-кечеге жуккан чаңды, чөп-чарды же дарактын жемиштерин) күбүп, силкип, ургулап түшүрүү. Чаңды какса кетет, кумду силксе түшөт (Сасыкбаев). Көйнөктүн чаңын кагышты («Эр Табылды»). Алма как.
  4. 5.                  Шилтөө, серпүү. Канат кагуу. Каш кагуу. Кашын кагып кылыктанган кыз-келиндер. Камчысын белге кыстарып, кыз-келинге каш кагып, секетпайын ырдаган жигиттер («САЖИ»).
  5. 6.                  Согуу (мис., кан тамыр жөнүндө). Тамырын кармасам, араң эле кагат («САЖИ»). Алымбет айтып жатты токтотпостон, Эт жүрөк эптеп зорго какса дагы (Үмөталиев).
  6. 7.                  өт. Урушуп коюу, десин кайтаруу,. жактырбагандыгын, жаратпагандыгын билдирип катуу айтуу. Койчу, балам, кайдагы шумдукту айтасың!деп Алима уулун кагып койду (Абдукаримов). Улууга жаман айтпагын, Кичүүнү тилдеп какпагын (Осмонкул).

¨ Кирпик какпоо к. кирпик. Жинин кагуу — эсине келтирүү, желин чыгаруу, мизин кайтаруу, акесин таанытуу. Эл дүрбөткөн зулумдун Эзелки жинин каккыла (Каралаев). Тиш каккан — көптү көргөн, көптү башынан өткөргөн, дасыган, улгайган. Тиш кагып, иштеп келген немелер [студенттер] өзүлөрүн токтоо кармап, олуттуу маселелер жөнүндө гана сүйлөшүшөт (Бейшеналиев). Садага кагуу — садага кылуу, садага чабуу. Сары улактьг алалык, Садаганы кагалык («Эр Табылды»). Чот кагуу — чот менен эсептөө. Четке кагуу — кабыл албоо, макул болбоо, жаратпоо, жокко чыгаруу.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокак
Множ. числокактар
Синонимы
өрүк
Антонимы
суур
Склонение по падежам - "как"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?как
Родительный Чей?кактын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?какка
Винительный Кого?, Что?какты
Местный Где?, У кого?какта
Исходный Где?, У кого?кактан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кактар
Родительный Чьи?кактардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кактарга
Винительный Кого?, Что?кактарды
Местный Где?, У кого?кактарда
Исходный Откуда?, От кого?кактардан

So following similar words is found:
strtoupper(KG)


Found words in another language:

RU


Found similar words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: