Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history:
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - Жабык деңиз
 

Жабык деңиз

 
ЖАБЫК ДЕҢИЗ – эларалык укукта жээги бирнече мамлекеттерди жайпаган жана өзүнүн географиялык жайгашуусу боюнча аны башка деңизге өтүү үчүн транзиттик өткөөл катары пайдалануу мүмкүн болбогон деңиз. Ачык деңизден жабык деңизге өтүү айланасында Ж. д. жаткан мамлекеттин жээктерине гана алып баруучу кууш деңиз жолдору аркылуу ишке ашырылат. ХVIII–ХIХ кылымдардын келишимдик иш тажрыйбаларында калыптанган жана колдонулган концепцияга ылайык ачык деңиздин эркиндик принциби Ж. д-ге карата толук өлчөмдө пайдаланылган эмес: анын жээгинде жайгашпаган мамлекеттердин аскер-деңиз кемелеринин анда кирүүсүнө чек коюлган. БУУнун деңиз укугу боюнча 1982-жылкы Конвенциясынын орусча текстинде «жабык же жарым туюк деңиздер» (122-ст.) деп аталган жабык же жарым жабык деңиздер түшүнүгүн кеңейткен. Конвенция алардын укуктук тартибин аныктабастан эле, алардын жээктеринде жайгашкан мамлекеттердин андагы жандуу ресурстарды башкаруудагы, деңиз байлыктарын сактоодогу жана коргоодогу, жабык жана жарым жабык деңиздердеги илимий изилдөөлөрдү теске салуудагы артыкчылык укуктарын (123-ст.) белгилеген.

Найти все переводы слова "Жабык деңиз" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Жабык деңиз"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru