Menu
Эл-Сөздүк

ЖУМАКУНОВА

ЖУМАКУНОВА Гүлзура (1954, Тянь-Шань району, Эчки-Башы айылы) — «Манас» изилдөөчү, филология илимдеринин кандидаты (1988). Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн (1976). 1976 —84-ж. КСЭнин башкы редакциясында, 1984—88-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабиятинститутунда илимий кызматкер. 1988-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу. «Манас» эпосундагы тиричилик лексикасы» деген темада кандидаттык диссертациясын (1988) жактаган. Диссертацияда эпостун турмуш-тиричиликке байланыштуу лексикасы тарыхый-салыштырма планда кеңири изилдөөгө алынган, тиркеме түрүндөгү сөздүгүндө этимологиясы да берилген. «Манас» эпосунун тилине арналган илимий макалалардын автору.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: