ДОСУ Ташмат уулу (1930, Жалал-Абад шаары) — манасчы. «Манас» айтууну атасынын бир тууганы Токтаалы Төрөгелди уулунан үйрөнгөн жана эпосту кара сөз түрүндө айткан. Андан: Жакыптын Алайдан Таласка көчүп келиши, Манастын төрөлүшү, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы эпизоддору жазылып алынган. Д-нун варианты башка манасчылардын вариантынан айрым мотивдери боюнча айырмаланып турат. Анын айтуусунда Абыке менен Көбөш Манастын кулу — туткунга түшкөн калмактар болуп берилет. Көкчө Манастын бөлөсү, ал эми Коңурбай жээни болот. Манас үч жолу өлүп, үч жолу тирилет. Биринчи жолу Көкчөдөн, экинчи жолу Токтобай Орозбай уулунан өлөт. Үчүнчү жолу Кара дөөдөн өлгөндөн кийин Каныкей ага күмбөз тургузуп, дубалына Манастын жеңген душмандарынын аты-жөнүн жаздырып коет. Д. Ташмат уулунун варианты Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө (Кол жазмалар фондусу, 612а-инв.) сакталып турат.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как ДОСУ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
6Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 6 + 0? Ответ:
Отправить