Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: forty Досуңа сыр айтпа, досуңдун досу бар.
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - ДОМОК
 

ДОМОК

 
ДОМОК (моңголчо миф, мифология) — азыркы кыргыз тилинде жаңжал, опуза, коркутуп омуролоо деген туюмду билдирген лексикалык бирдик. Элдик оозеки чыгармалардын материалдары боюнча түпкү мааниси байыркы моңгол, бурят тилдерине жакын мааниде колдонулат. Маселен, Көкөтөйдүн ашында (Валиханов жазып алган эпизод боюнча) аламан байгеде Бокмурун келип жайма көкүл жаш Айдарга Мааникердин оозун тартып, аттардан кийинчерээк келгиниң дейт. Анткени, алдына ат салбаган Көкөтөйдүн тулпары баш байгеге чыгып келет да өз байгесин өзүлөрү алып алды деген сөзгө калып, алыс-жуукка уят болобуз деп Мааникерди чапкан чабандеске айткан өтүнүч маалыматта мындай айтылат:
Эми бери кайра тартканда,
Мааникердей күлүктүн
Оозун коё бербей кел.
Оозун коё сен берсең
Өзгө аттар алдында
Үч күн мурун келээрсиң чором.
Өз байгесин өзү алды деп
Жакынга домок калар,
Алыска жомок калар (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 84-б.).

Д. түп мааниси боюнча миф деген маанини түшүндүргөн көөнө сөз катары эпосто сакталып калган. Кийинки мааниси жаңжал, чатак деген туюмга өтүп кеткен.
К.Ботояров

домок

 
домок (чатак)

Найти все переводы слова "ДОМОК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ДОМОК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru