-
БАТМАН
-
БАТМАН (иранча — оордуктун өлчөмү) — кыргыздарда Октябрь революциясына чейин колдонулуп келген салмак чен бирдиги (4 пуддан 16 пудга чейин), кай бир жерлерде аянт өлчөө бирдиги (мисалы, Талас өрөөнүндө 2 теше жерге жакын). Чыгыш өлкөлөрүнүн көбүндө колдонулат. «Манас» эпосунда Б. салмак бирдиги катарында чагылдырылган:
Алты батман данды жеп
Дан жыттанган чоң Жолой.
Жети батман буудай жеп,
Дан жыттанган чоң Жолой (Сагымбай Орозбаков, 3. 120, 121),
«Үч жүз батман салмагы Соот деген жонунда» (Сагымбай Орозбаков, 2. 134), Жыйырма батман туулга Кийип алып тургандар (Сагымбай Орозбаков, 4. 210).
Найдены по другим направлениям
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Found words in another language:
Found similar words in another language:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
БАТМАН