Menu
Эл-Сөздүк

Аскер кызматы боюнча чектөө

АСКЕР КЫЗМАТЫ БОЮНЧА ЧЕКТӨӨ – жазалоо түрлөрүнүн (негизги катары гана белгиленген) бири. КР кылмыш-жаза мыйзамдарынын ченемдеринде каралгандай, аскер кызматына каршы кылмышы үчүн, 6 айдан 2 жылга чейинки мөөнөткө келишим боюнча аскер кызматын өтөп жатып соттолгон аскер кызматкерине белгиленет. А. к. б. ч. учурунда соттолгон адам кызматынан, аскер чининен жогорулатылбайт, ал эми жаза өтөө мөөнөтү кезектеги аскер чинин ыйгаруу үчүн кызмат кылуу мөөнөтүнө эсептелбейт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: