Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history:
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - Антташуу, Ант
 

Антташуу, Ант

 
Антташуу, Ант – бүтүм.Сөзсүз аткарылууга тийиш болгон чечим. Ант берүүчү менен алуучунун ортосундагы кол коюлбай, мөөр басылбай түздөн-түз дароо кабыл алынган мыйзам. Ант берүүчүнүн дилине, ниетине карата ант үч түрдүү болот: 1. Чыныгы ниети менен берилген ант. 2. Белгилүү максатка жетиш үчүн же кандайдыр бир абалдан чыгыш үчүн берилген катуу убада «алдоо анты» деп аталат. 3. Аткарыларына анчалык ишенбеген, бирок кырдаал талап кылган ант (Акматалиев А. Кыргыздын көөнөрбөс дөөлөттөрү. – Б.: Шам. 2000. 152-б.). Ант – сөзгө, ишке, кыймыл-аракетке бекем туруу убадасы. А. жоопкерчиликте, достошууда, жашырын иштерде колдонулат. Анттты бузуу жүзү каралык, наадандык катары каралган. Эл ичинде «Ант урсун» деген каргыш өкүм сүргөн. Антташууда кылычтын мизин өөп: «Эгерде Антты бузсам, көк кирип, кызыл чыксын» деп убадалашкан. Эгерде Антты аткарууга көзү жетпесе андай адам А. берүүдөн качкан (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 213-б.).

Найти все переводы слова "Антташуу, Ант" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Антташуу, Ант"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru