Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Анткордук

АНТКОРДУК – ооруну же анын айрым белгилерин атайылап жалган тууроо, болбосо оорусунун белгилерин атайылап күчөтүп көрсөтүү (А-тан айырмаланып, анын так мааниси «аггравация» аталат). Ал пайдакечтик үчүн же жеке кызыкчылыктан улам (эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул алуу үчүн, аскердик кызматтан качуу үчүн) жасалат. А. денебой кемчилигин атайылап жалган көрсөтүү (төкөрдүк, дүлөйлүк), денебой дарты (соматикалык), жин оорусу, акыл-эсин алдыруу түрүндө, ошондой эле оорусунун деңгээлин атайылап күчөтүп көрсөтүү (аггравация) таризинде байкалат. КР мыйзамдары эгер ал аскердик кызмат милдетин өтөөдөн качуунун амалы болуп саналса, кылмыш-жаза жоопкерчилигин белгилейт.

анткордук

анткордук, анткорлук;
анткордугу, анткордукка, анткорлугу, анткорлукка

анткордук

зат. Билсе да билмексен болгондук, кытмырлык. Болот миңбашы анткордук менен жылмая күлүмсүрөдү... (Абдукаримов).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: