Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: topuk
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - АЛМАМБЕТТИН ОБРАЗЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯ
 

АЛМАМБЕТТИН ОБРАЗЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯ

 
«АЛМАМБЕТТИН ОБРАЗЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯЛЫК ӨНҮГҮШҮ» — Р. Сарыпбековдун монографиясы (Фр., 1977). Китеп эпостогу башкы каармандардын бири Алмамбеттин образынын алгач пайда болуу булактары, стадиялык өсүп-өнүгүшү жана калыптаныш маселелерине арналган. Эмгек «« Алмамбеттин окуясында» матриархаттык доордон патриархаттык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык кагылыштын чагылдырылышы », «Алмамбеттин образындагы маданий каарманга таандык мифтик-фантастикалык элементтердин көрүнүшү», ««Манас» эпосунун тарыхый баатырдык эпос болуп кайрадан жаралуу мезгилинде Алмамбеттин образына кирген жаңы белгилер» деген үч баптан (главадан) жана кириш сөз, корутунду бөлүмдөрдөн турат. Иш түрк-моңгол жана башкалар элдердин фольклордук, лингвистикалык, тарыхый-этнографиялык материалдарынын негизинде салыштырма-тарыхый планда жазылган. Алгачкы булактарын энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык конфликттерден башталган Алмамбеттин образы тарыхый-социалдык шарттардын алмашылышы менен тынымсыз эволюцияда болуп, башынан көптөгөн трансформацияланууну, алымча-кошумчаларды өткөрүп, байыркы мифтик-фантастикалык эпостун (баатырдык жомоктун) каарманынан классикалык формадагы тарыхый баатырдык эпостун каарманына айланышы изилдөөдө көрсөтүлгөн. Ошондой эле каармандын ысмынын этимологиясы талкууга алынат.
С. Алиев


Найти все переводы слова "АЛМАМБЕТТИН ОБРАЗЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "АЛМАМБЕТТИН ОБРАЗЫНЫН ЭВОЛЮЦИЯ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru