АКЧЫБЫК, Көкчыбык— Бакайдын мылтыгы. А. жеке эле жоо куралы эмес, магиялык касиетке ээ буюм. Мисалы, Саякбай Каралаевдин варианты нда Букарга Семетей, Чыйырды менен качып бараткан Каныкейди жолду тоскон чоң суудан Бакай А-тын касиеттүү күчүнүн жардамы менен өткөрөт.