Меню
Эл-Сөздүк

өнөр

зат. 1. Бир нерсени жасоо, иштөө жолун, пайдалануу жөнүн билгендикти талап кылган кесип. Өтүк тигүү өнөрү. Эр жигитке жетимиш түрдүү өнөр аздык кылат (макал).
2. Чеберлик, усталык, билгичтик, маштык. Өнөрүң болсо өргө чап (макал). Өнөр менен оюлган оюу. Ат үстүндө ойноо өнөрүн көрсөттү.
3. Амал, айла. Жамандын бир өнөрү артык — жата калып ат үркүтөт (макал).
Өнөр жай — сырьёлорду иштетүүчү, жерден казылып алынгандарды иштеп чыгуучу, курулуш ж.б. ушул сыяктуу иштерди жүргүзүүчү ишканалар, эл чарбасынын тармактары, Жеңил өнөр жайы. Оор өнөр жайлары. Машина куруу өнөр жайы. Курулуш өнөр жайы.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: