Меню
Эл-Сөздүк

эп

зат.. 1. Тууралык, чындык, ылайыктуулук, негиздүүлүк, ылайыгы бар экендик. Эл Кедейкандын айтканын эп көрдү (Токтогул). Силерге эп келсе, менде бир тилек бар («Ала-Тоо»). Бул айтканың эп. Мага бере турган эбиң бар эле.
2. Ык, жөн, эптеле тургандай шартта болгондук. Аны өзүм эпке келтирем («Чалкан»). Эби менен сынган эшикти кадоо.
Эби жок ченде жок, эсепсиз. Эчкини аттың эби жок, Эликти аттың чени жок (Тоголок Молдо). Эби жок көк жал баатырдын Эр экенин көрөлү («Манас»). Эбисыны жок — жарашыгы жок, сындуу эмес, өңү-түсү начар. Бурул ушул эби-сыны жок баланын олдоксон сүйлөгөнүнө жана мүнөзүнө кызыгуучу (Каимов).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: