Меню
Эл-Сөздүк

ык

I зат. 1. Ыңгайлуу, оңтойлуу, учур, жагдай. Ыгы келсе. Ыгы келе калганда.
2. Ыкма, бир нерсенин жөнү, ыктуу шарты, жагдайы. Таппадым деп ыгыңды, Талым кыз сөзгө жыгылды (Тоголок Молдо). Агитаторлордун мектептеринде аңгеме өткөрүүнүн жаңы ыктары, методдору, саясий иштердин ар түрдүү формалары үйрөтүлөт («Советтик Кыргызстан»).
ЫК II этиш. 1. Корголоп, бири-бирине жанаша туруп калуу, шамалдан, жаандан далдаланып ыктоо. Жаандан ыккан кой, улак Каныбекти тебелеп сай сөөгүн сыздатып жатат (Жантөшев).
2. Бир жагына жапырылуу, жапырылып калуу. Жел жортсо кадимки толкундай ыгып шибери жапырылат (Сыдыкбеков). Ыргалышып аштык, чөп, Ыгып турду баш ыргап (Элебаев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: