-
кенен
-
сын. 1. Кең, кеңири, чоң. Бир бөлмө өтө таза, ары кенен, Толуптур терезеси гүлдөр менен (Маликов). Мына биздин кенен Чүй (Осмонкул). - 2. Арбын, мол, көп, жетиштүү, жетик. ..Тоюттардан кенен даярдап берсеңер гана сүт аласыңар (Убукеев). Агызып терди маңдайдан, Аштыкты кенен салалы («Манас»). Акылга кенен .. кулун сындуу кумар көз болсун (Жантөшев).
- 3. өт. Март, кең пейил, берекелүү. Бири кенен, бири тар, Ар бир түрлүү жан болот (Осмонкул).
¨ Кенен-кесир же кенен-чонон — кең-кесири, жетиштүү; ээн-эркин. [Түгөл].. кенен-кесир жая салынган төшөккө жамбаштап олтура калды (Бейшеналиев). [Уйларды].. кенен-кесир откоз (Бейшеналиев). Кенен-чонон угуп ал, Керез сөздү мурун ал (Тоголок Молдо).
Найдены по другим направлениям
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кенен