-
жап
-
этиш. 1. Бекитүү, ачык калтырбоо. Айсулуу кайра келди, үйүн ачты, Кирген соң уй эшигин кайра жапты (Үмөталиев). Казандын капкагын жап.
2. Каптоо, чүмкөө Жабуу жапса жарашып. Жаркыраган торпогум (Тоголок Молдо).- 3. Сүртүү, шыбоо. Бутун жууп тазалап, Кара дары жапты эми («Эр Табылды»). Жети илекер жыйынып, Жарага дары жабышты («Манас»).
- 4. Токтотуу, аяктоо. Митинге жабык, агайындар! — деди Шамбет көпчүлүккө. (Сыдыкбеков).
¨ Жалаа жабуу — ак жеринен каралоо. Атаң менен тең Салыкка жалаа жапкандан уялбайсыңбы? (Каимов). Орунсуз жалаа жаппагын (Осмонкул).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жап