-
аяк
-
I зат. 1. Бут. [Чолпондун].. күндөгүгө караганда аяк шилтеши да ыкчам болуп кетти (Байтемиров). - 2. Ар кандай буюмдардын, мебелдердин жерге тийип туруучу бөлүгү, буту. Столдун аягы. Скамейканын аягы.
- 3. Акыры, соңу. Август айынын аяк чени. Каныбек мукамдуу обонду салып, аягын созолонтуп барып бүтүрдү (Жантөшев).
♦ Аягы асманга чыгуу — быт-чыт болуу, таш-талканы чыгуу, кыйроо. Алар кылт коюп башка бирөөлөргө кошулуп кетишсе, биздин аягыбыз асманга чыгат (Жантөшев). Аяк ылоо — минип жүрүүгө жарай турган начарыраак унаа. Ат табылганча аяк ылоо (макал). Аяк басуу — белгилүү бир жаштан экинчи бир жашка бет алуу, өтүү. Алтымыш ашып жетимишке аяк баскан кезим бул («Эр Табылды»). Аягы сай таппоо — бир жерге байыр алып токтобоо, бир жерге турбоо. Аягы менен тик туруу — алы-жаны калбай, кызмат көрсөтүү, кызмат кылуу. Билесиң Назар досуңду Аягы менен тик турат (Барпы). Жалгыз аяк жол — бир киши гана жүрө турган тар жол. Кер аяк же терс аяк — каяшачыл, тил албаган; кежир. Кырк аяк же миң аяк — көп буттуу курт-кумурсканын бир түрү. Аяк өөдө — төмөндөн жогору, ылдыйдан өөдө карай; аяк жагынан башталган жагын карай. Көчөттү аяк өөдө отургузуп келатышкан Сабырлар бул кезде аянттын башына чыгып калышкан (Сыдыкбеков). Баштан аяк — башынан аягына чейин; бүт.
АЯК II зат. Жыгачтан тегерек оюп жасалган идиш. Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет (макал). Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө (макал).
♦ Ит аяк — итке тамак куюп берилүүчү. идиш. Жан аяк — 1) жол жүргөндө алып жүрүүчү аяк; 2) насыбай ийлөө үчүн жыгачтан оюп жасалган идиш. Ажыраш аяк — башка жакка көчүп кетүү алдында жолдош-жоролоруң, тааныштарын чакырып берген тамак.
АЯК III такт. сүйл. Ал жак, ошол тарап, башка жак. Ашым аяктан келе элек.
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | аяк |
Множ. число | аяктар |
Склонение по падежам - "аяк"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | аяк |
Родительный Чей? | аяктын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | аякка |
Винительный Кого?, Что? | аякты |
Местный Где?, У кого? | аякта |
Исходный Где?, У кого? | аяктан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | аяктар |
Родительный Чьи? | аяктардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | аяктарга |
Винительный Кого?, Что? | аяктарды |
Местный Где?, У кого? | аяктарда |
Исходный Откуда?, От кого? | аяктардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
аяк