ашкере 1. такт. Айкын, ачык; белгилүү. Бул үн булбулдуку эмес экендиги ашкере болду (Жантөшев). 2. Абдан өткөрө, өзгөчө. Ашкере баатыр Табылды Кырга чыгып барды эми («Эр Табылды»).