араан : оозун араандай ачуу — оозду абдан кен, ачуу. Астындагы көк тулпар, Араандай оозу ачылып («Манас»). Арааны ачылуу — кулкуну ачылуу, ач көздөнүү. Арааны жүрүү — иши оңолуу, иши көңүлдөгүдөй жүрүү, бийлиги жүрүп туруу.