Меню
Эл-Сөздүк

ажылда

этиш. 1. Тынбай күчөп үрүү (ит жөнүндө). Алдыңкы тамдан ажылдап, торой чыккан Сары канчыкты да тепсетип кете жаздады (Сыдыкбеков).
2. Улам күчөп ачууланып, ээ-жаа бербей сүйлөө. Апама сөз бербей эле ажылдай бересиңби («Жаш ленинчи»).
3. Улам күчөп күжүлдөө, күжүлдөп кызып чуркоо. Ооздук чайнап ажылдап Тулпардын чуркар заманы! (Турусбеков). [Тоотору Айчүрөктү].. ала качып ажылдап Ашкере чуркап буй кылып («Сейтек»).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: