-
акта
-
I зат. Бычылган жылкы, ат.
АКТА II зат. Аттын жонунан көтөрүлүп турган ээрдин көңдөйү.
АКТА III этиш. 1. Акиташ менен агартуу. Үйдүн иш-тышын актап, үй ичин таза күтүшөт (Сыдыкбеков).- 2. Дан эгиндеринин кабыгын кетирүү. Актап койгон күрүч. Актаган таруу.
АКТА IV этиш. 1. Ишенимине жетүү, үмүттү орундоо. Түйшүгүн тартып бек Аккан Досчулугун актады («Курманбек»).- 2. Күнөөсү, айыбы жок экенин далилдөө, күнөөсү жок деп эсептөө. Барпыны актай сүйлөгөн (Сыдыкбеков).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
акта