Меню
Эл-Сөздүк

Институционалды к бирдик

Активдерге ээлик кылууга укуктуу, өзүнө милдеттенмелерди алып, чарбалык ишкердикти жүргүзгөн жана башка чарбалык бирдиктер менен операцияларды ишке ашырган чарбалык бирдик. Ар бир институционалдык бирдик активдер жана милдеттенмелер боюнча баланстык ведомостторду кошо алганда, чарбалык ишкердиктин эсебин жүргүзүүгө же аны зарылчылыкка жараша ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Институционалдык бирдиктердин эки түрү бар: жеке адамдар же үй чарбаларында алектенген адамдардын тобу жана корпорацияларды, коммерциялык эмес уюмдарды жана мамлекеттик мекемелерди түшүндүргөн юридикалык жактар. Институционалдык бирдик-резидент экономиканын беш секторун түптөйт: финансылык эмес корпорацияларды, финансылык корпорацияларды, мамлекеттик мекемелерди, үй чарбаларын, үй чарбаларын тейлеген коммерциялык эмес уюмдарды.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: