Menü
Эл-Сөздүк

КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК

КОЛЛЕКТИВДҮҮ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК. «Манас» эпосу адатта бир гана айтуучу тарабынан аткарылган. Бирок, эл оозунда айтылып жүргөн уламышка караганда, кайсы бир чоң ашта кырк манасчы (сыягы Манастын кырк чоросун билгизгени го) катар олтуруп «Манас» айтышкан имиш. Алардын кандай ыкмада аткарганы: роль боюнчабы, же бир-бирин улаппы, анысы белгисиз. Ушул маалыматка караганда манасчылык өнөрдө бир кездерде К. ч. болсо керек.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: