Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

КИРИЧ

КИРИЧ — жаанын эки башы бириктирилип, туурасынан байланган, жебе салып кере тартыла турган жип, кайыш. Эпосто:
Жааны колго алышып,
Жаалданып калышып,
Күчүгөн жүндүү сыр жебе
Киричине чалышып (Сагымбай Орозбаков, 2. 132).
Коломсокко кол салып,
Колуна тартып ок алып,
Киричине чалганча
Коюп Манас кеткени (Сагымбай Орозбаков, 1. 205),— деп сүрөттөлөт.

Кээде жаа маанисинде да колдонулат, к. Жаа.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: