Меню
Эл-Сөздүк

КИЛДЕРБЕК

КИЛДЕРБЕК — эпизоддук кейипкер. Эштектин атасы экендиги гана айтылат:
Булгарда жаткан түрк уулу,
Сары ногой сарасы.
Алардын башын кармаган
Килдербектин баласы
Эштек деген эр экен (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 1787-инв., 119-б.).

x

xx
КИНДИК ЭНЕ — төрөлгөн баланын киндигин кескен аял. Курч устара менен баланын киндигин такай түбүнөн кесип, ага кийиз күйгүзүп басышкан. Кескен аялды К. э. деп аташып, экинчи эне катары эсептелген. Манас төрөлгөндө анын киндигин Дамбылданын аялы Канымжан кесет. Ал Сагымбай Орозбаковдун вариантында: .
Антаңдабай катындар,
Аныктап көрчү капырлар?
Жерден алгын тез деди, Д
амбылданын зайыбы
Киндигин өзүң кес деди (Сагымбай Орозбаков, 1. 77),— деп айтылат.

Төрөлгөн баланын киндигин кескен аялдын күйөөсү «Киндик ата» деп аталат. Эпостун «Семетей» бөлүмүндөгү Каныкейдин жомогунда:
Кайып болуп талаага
Качып кеткен Бөлөкбай К
индик атаң болучу
Бөлөкбайды көрө кел (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 161)

деген баяндоодон киндик ата жөнүндө маалымат алабыз.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: