КЕНТУН — топоним. Эпос боюнча кытайлардын чоң шаарларынын бири катары сүрөттөлөт:
Чырпыгы чыгып чынардай,
Чынарлары кадимки
Шаар салган мунардай,
Торгою тоонун улардай,
Тооктору кунандай
Кунандарын көрөсүң
Куруп салган мунардай,
Күдөрү Кентун как ушул (Сагымбай Орозбаков, 4. 215).