Меню
Эл-Сөздүк

КАЙНАРДЫН-КАРА-СУУСУ

КАЙНАРДЫН-КАРА-СУУСУ — топоним. Эпосто Манас баатырдын сөөгү коюлган жердин аталышы. Жусуп Мамайдын вариантында «Манас» эпосунун экинчи бөлүгү «Семетейдин» биринчи китебинде Каныкей Манастын сөөгүн негизги варианттардагыдай Баяндынын талаасына (Сагымбай Орозбаковдун варианты), Эчкиликтин тоосуна (Саякбай Каралаевдин варианты) эмес:
Таба албай душман тынсын деп,
Билиндирбей тир жанга
Бузулбай дени турсун деп,
Туйгузбастан бир жанга
Кайнардын-Кара-Суусуна
Көр каздырды ушуга.
Сууну тетир бурдурду,
Алдында сайды ойдурду,
Кара-Суунун Кайнарга
Манастын сөөгүн койдурду (Жусуп Мамайдын варианты, «Семетей», 1. 4—5),

— деп К.-К.-С-нун нугуна (таманына) койдургандыгы айтылат.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: