|
ДӨӨТҮ
|
|
ДӨӨТҮ (арабча Дауд) — мусулман мифологиясында пайгамбардын аты; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында темир устанын пири, усталардын колдоочусу. Д. түпкү теги библиядагы Давитке туура келет. «Манаста» чыгаан уста, өнөрпоз маанисинде да көп жолугат. Мисалы, Алмабашты жасаган Кара уста жөнүндө: «Кундагын куюп машаган, Дөөтү досу кара уста, Ошо байкуш жасаган» (Саякбай Каралаев, 1. 189), же болбосо: «Төкөр уста Бөлөкбай Дөөтү менен дос болгон» (Курама варианты, «Семетей», 4) «Дөөтү менен Бөлөкбай, Кадимкидей сүйлөшкөн» (Курама варианты, «Сейтек», 4) деген ыр саптарынан Д-нүн темир устанын пири экендиги көрүнүп турат.
|