Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: Капилляры
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - ДОБУЛ
  • ДОБУЛ
  • ДОБУЛБАС
  • добулдуу
 

ДОБУЛ

 
ДОБУЛ — үстү алкакка керилген, төөнүн терисинен жасалган анча чоң эмес, урма музыкалык аспап, добулбас менен доолдун бир түрү. Ал колго алып жүрүп да, атчан жүргөндө ээрдин кашына илип коюп да ойнолгон. Бул байыркы аспап өзбектерге, тажиктерге чиндаул, казактарга, уйгурларга даулпаз деген аттарда тараган. Булар Д. менен жасалышы, аткарылышы жагынан өтө окшош. Д-дун «Манаста» башка аспаптардай эмнеден жасалганы айтылбаса да, ар дайым колдонулганы жөнүндө кеңири айтылат. Жоокерлер жоого аттанганда кабар берүүчү, жар салуучу жана башка билдирүүчү аспап катарында колдонулган. Эпос боюнча Манас көк асаба туу алып, көк жаңырган чуу салып, сандаган кол менен жоого аттанганда «Добул согулуп күңгүрлөп, Сел жүргөндөй күркүрөп, Өрт күйгөндөй дүркүрөгөн». Ал эми «Ордого добул согулса, Ойроттун баары чогулган» (Сагымбай Орозбаков, 2. 74). Бул жерде Д. калайык калкка кабар берип, эл чогулткан аспап катарында сүрөттөлсө да койчагыр үнү чаңырып, бараң мылтык бадырап атылып, кан төгүлүп жаткан учурда да «басылбай добул дабыраган». Мындай учурда Д. жоокерлердин кайратына кайрат, эрдигине эрдик кошуп, тайманбастыкка, тартынбастыкка, жеңишке үндөгөн. Ал эми Д. кагылганда Манастын кырк чоросу чабуулга аттанып, согуш ачышкан. Ал жөнүндө: «Кыйкырып добул кагышы Кырк баатырдын баарысы Кыямат кайым салышы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 85),— деп сүрөттөлөт. Д. куш салганда суу куштарын үркүтүү, учуруу үчүн да колдонулган.

Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сандобул
Көптүк сандобулдар
Жөндөлүшү - "добул"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?добул
Илик Кимдин? Эмненин?добулдун
Барыш Кимге? Эмнеге?добулга
Табыш Кимди? Эмнени?добулду
Жатыш Кимде? Эмнеде?добулда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?добулдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?добулдар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?добулдардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?добулдарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?добулдарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?добулдарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?добулдардан

Получить все переводы слова - "ДОБУЛ" по направлению Кыргызча-Кыргызча.
Найти все переводы слова "ДОБУЛ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ДОБУЛ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru