|
БАКШЫ
|
|
БАКШЫ (санскрипче бхихши — будда дининин молдосу) — ооруга чалдыккан адамды дубалап, «жин-шайтандарды» кубалап чыга турган сыяктанып, буркан-шаркан түшүп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдой турган дарымчы. «Манас» эпосунда да Б. мына ушул мааниде колдонулат: «Баканды кармап бакырып, Бакшы менен бүбүдөн, Немесин койбой чакырды» (Курама варианты, 1. 22). Сибирь элдеринде кам, шаман жана башка түрлөрдө айтылып кыргыз тилиндеги Б-нын маанисине дал келет. Ошондой азиялык тектеш элдерде (өзбек, түркмөн, уйгур, каракалпак) ушул эле маани менен катар сабаттуу адам, мугалим, элдик ырчы, акын жана куш салуучу аңчы деген маанилерге да ээ.
|