Меню
Эл-Сөздүк

Попечительство

КАМКОРЧУЛУК – жарандардын жеке жана мүлктүк укуктары менен мүдөөлөрүн коргоонун укуктук тариздеринин бири. Жарандык жана үйбүлө мыйзамдары менен жөнгө салынат. КР үйбүлө жана жарандык мыйзамдарына ылайык, К. 14 жаштан 18 жашка чейинки жашы жете электерге, ошондой эле спирт ичимдиктерин жана баңгизаттарын ашкере колдонуунун натыйжасында сот тарабынан жарамдуулугу чектелген жарандарга карата белгиленет. Камкорчулар К-гунда турган жарандар өзалдынча түзүүгө укуксуз бүтүмдөрдү түзүүгө макулдук беришет, аларга укуктарын жүзөгө ашырууга жана милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле аларды башка үчүнчү адамдардын кыянат аракеттеринен коргошот. К-та турган адамдардын жашаган жериндеги камкордук жана К. органдары камкорчулардын иш-аракеттерине көзөмөл кылууну ишке ашырышат
Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: