Кредитор өндүрүү мүмкүн эмес деп санаган жана ошондон улам аны андан ары бухгалтердик китептеринде эске албаган финансылык талап.
Финансовое требование, которое кредитор считает невозможным взыскать и поэтому более не учитывает его в своих бухгалтерских книгах..
Кредитор менен карыз алуучу ортосунда келишимдин алкагында карыздык милдеттенмелерди өз эрки боюнча толук же жарым-жартылай жокко чыгаруу.
Добровольное полное или частичное аннулирование долговых обязательств в рамках договорного соглашения между кредитором и заемщиком..
Кредитор менен макулдашылган төлөм графигине ылайык, карыздын негизги суммасынын бөлүгүн жана пайыздарды мезгил-мезгили менен суммардык төлөөнү жүзөгө ашыруу.
Осуществление периодических суммарных выплат процентов и части основной суммы долга в соответствии с согласованным с кредитором графиком платежей..