Меню
Эл-Сөздүк

Президент

ПРЕЗИДЕНТ (лат. praesidens – алдыда отуруучу) – республикалык башкаруу таризиндеги мамлекеттердеги мамлекет башчысы. П-тин конституциялык статусу жана ыйгарым укуктары республиканын тибине байланыштуу олуттуу айырмаланат. Классикалык үлгүсү АКШ болуп саналган президенттик республикада П. – мамлекеттин эле башчысы эмес, ошондой эле аткаруу бийлигинин да башчысы, б. а. администрациянын (АКШда, Латын Америка өлкөлөрүндө) же өкмөттүн башчысы (Замбияда, Белорусияда, Казакстанда, Өзбекстанда). Эреже катары, Премьер-министрдин кызматы болбойт. П. парламенттен сырткаркы жолдор менен б.а. жалпы эл тарабынан (түздөнтүз же кыйыр) шайланат. Парламентардык республикада (ГФР, Италия) П. – мамлекеттин башчысы (бирок өкмөттүкү эмес). Эреже катары, парламент тарабынан же анын катышуусу менен шайланат. Аралаш республикалык же жарым президенттик республикаларда (Франция, Португалия, Польша) П. ошондой эле мамлекет башчысы гана болуп эсептелүү менен ага иш жүзүндө өкмөттү жетектөөчү да айкын бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болот. Мындай тутумда, П. эреже катары, жалпы элдик шайлоолордо шайланат. Адатта, президенттиктин моделине карабастан, конституция боюнча төмөндөгүдөй ыйгарым укуктарга ээ болот: эларалык мамилелерде өлкөнүн атынан иш жүргүзөт, эларалык келишимдерди түзөт, өкмөт (администрация) мүчөлөрүн жана сотторду дайындоого катышат, мыйзамдарды бекитет жана кайра кароого жөнөтөт, жарлыктарды чыгарат, мыйзам чыгаруу демилгесине жана вето коюу укугуна ээ болот, ордендер жана медалдар менен сыйлайт, жогорку аскер чиндерин ыйгарат, ырайым берүү укугун ишке ашырат, жарандык маселелерди чечет, дипломаттык өкүлчүлүктөрдү дайындайт жана чакырып алат. Белгилүү учурларда парламентти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду жарыялоо укуктарына ээ.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санпрезидент
Көптүк санпрезиденттер
Синонимдери
ажо
Байланыштуу сөздөр
президенттик
Жөндөлүшү - "президент"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?президент
Илик Кимдин? Эмненин?президенттин
Барыш Кимге? Эмнеге?президентке
Табыш Кимди? Эмнени?президентти
Жатыш Кимде? Эмнеде?президентте
Чыгыш Кимде? Эмнеде?президенттен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?президенттер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?президенттердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?президенттерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?президенттерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?президенттерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?президенттерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: