-
өз
-
ат. 1. Бирөө же бир нерсе жөнүндө жеке белгилей көрсөтүү үчүн колдонулат. Ар бир элдин өзүнүн улуттук традициялары бар («Коммунист»). Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө (макал).
2. Өзгө эмес, бөтөн эмес; өзгөгө таандык эмес, туугандык жагынан же ой-санаасы жагынан жакын, ишенимдүү. Өз атасы. Өз үйү. Өз киши. Душманга өздөй караба, тийбей койбойт зыяны (макал).
♦ Өз өзүнчө — ар кимиси өз бет алдынча, өзү каалагандай. Өзүнөн өзү — бирөөнүн жардамысыз, таасирисиз. Өз убагында — тиешелүү учурунда, маалы жеткенде, эрте да, кеч да эмес, учурунда. Өзүм билемдик — башкалар менен кеңешпестен, макулдашпастан, өз билгенине салуучулук. Өзү бүтөттүк — өзү бүтөт деп иштин жүрүшүнө карабай, көңүл бурбай коюучулук, таштап коюучулук. Өз ара — өздөрүнчө, бири-бири менен, ич ара. Атаң экөөңөрдүн өз ара сөзүңөрдүн мага эмне кереги бар (Сасыкбаев). Өз алдынча же өз бетинче — эч кимдин жардамысыз, өзүнчө, көз каранды болбостон. Аялым менен кол кармашып, өз бетимче оокат кыла баштадым (Баялинов).
Негизги мүнөздөмөлөрү |
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | өз |
Көптүк сан | өздөр |
Жөндөлүшү - "өз"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
Атооч Ким? Эмне? | өз |
Илик Кимдин? Эмненин? | өздүн |
Барыш Кимге? Эмнеге? | өзгө |
Табыш Кимди? Эмнени? | өздү |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | өздө |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | өздөн |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
Атооч Кимдер? Эмнелер? | өздөр |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | өздөрдүн |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | өздөргө |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | өздөрдү |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | өздөрдө |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | өздөрдөн |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр: