Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

эпсиз

сын. 1. Эби жок, ыгы жок, ыкчыл эмес, эптүү эмес, копол. Балдар күрөшүп, эптүүсү эпсизин жыгып, төөматек, укуй алып жатышты (Жантөшев).
2. Жарашыксыз, көрксүз, эби-сыны жок. Тамдын түркүктөрү дордоюп жоон, эпсиз жасалган («Советтик Кыргызстан»).
3. Болжолсуз, ченемсиз, ашкан, артыкча. Эрдигиң эпсиз көрүнөт («Семетей»). Эндей торко кийгизип, Эпсиз жорго мингизип («Эр Төштүк»).
4. Сансыз көп, сан жетпеген. Элүү төөгө мал алып, Эпсиз күмүш, зээр алып, Эпсиз калың эл келди («Манас»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: