шатыра этиш. 1. Шатыр-шатыр этүү. Жамгыр жаады, жамгыр жаады шатырап, Күн күркүрөп, чарт-чурт этип чатырап (Осмонов). Шатырап күйгөн арча отун. 2. Көңүлдүү, оюн-күлкүлүү, дуулдаган жүрүштө болуу, дуулдап көңүл ачуу. Балдар шатыраган бойдон тоону көздөй бет алышты (Таштемиров).