чыбыр зат. Майда-майда коктусу бар уңкул-чуңкул жер. Чыбырын түлкү жойлогон, Чычканын терип тойлогон («Эр Табылды»). Майда чыбыр адырын, Малчылар билет кадырын (Убукеев). ♦ Чыбыр чаар же чыбыр ала — майда чаар, чыбырчыктуу. Чыбыр чаар кекилик, Чыгасың ташка секирип (Үмөталиев).