Меню
Эл-Сөздүк

уйку

зат. Белгилүү бир убакыттарда кайталанып туруучу, ой кызматын толук же жарым-жартылай токтотуучу физиологиялык тынчтык жана эс алыш. Уйкудан көзүң ачылбайт, Кандай курган баласың («Эр Табылды»). Тур-турдан кабар келсе, уйкунун мазасы кетет (макал).
Уйку-соонун ортосунда болуу — чала уйкуда болуу, өтө катуу уктап кетпей, айланадагыларды элес-булас сезип жатуу. Уйку-соонун ортосундагы энесине Татыбектин сөздөрү түшүнүксүз болду (Байтемиров). Куш уйку — узак уктабай, бир аз көз илинтип ала коюу, сергек жаткан кыска уйку. Сүт уйку — мемиреп, көшүлүп тыптынч уктагандык (көбүнчө жаш балдарга карата).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сануйку
Көптүк сануйкулар
Жөндөлүшү - "уйку"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?уйку
Илик Кимдин? Эмненин?уйкунун
Барыш Кимге? Эмнеге?уйкуга
Табыш Кимди? Эмнени?уйкуну
Жатыш Кимде? Эмнеде?уйкуда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?уйкудан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?уйкулар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?уйкулардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?уйкуларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?уйкуларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?уйкуларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?уйкулардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: