Меню
Эл-Сөздүк

түп

I зат. 1. Кандайдыр бир тереңдик абалындагы нерсенин төмөн жагы, асты жагы, төмөнкү бөлүгү. Деңиздерин чайпалтып, Суу түбүнөн чабабыз (Аалы).
2. Идиштердин жерге тийип туруучу астынкы бөлүгү, асты жагы. Ал көрсө, мор ордуна коюлган түбү түшкөн карапа тура (Сыдыкбеков).
3. Тамак жегенде калган же атайын калтырылган тамактын калдыгы, кешик. Табактын түбү. Түп калтыруу. Түп калтырбоо. Түбүн ичүү.
4. Өсүмдүктүн жерге батып турган тамыры, бөлүгү. Агызамын түптөрүнө, Тоонун тунук сууларынан (Маликов). Түптүү терек карагай, Түбү менен жулунган (Тоголок Молдо).
5. Өсүмдүктүн, жыгачтардын, бадалдын өсүп турган айрым даанасы, өзүнчө бир тобу. Короонун ортосунда эки түп абрикос, бир түп шабдалы, үч түп жүзүм бар (Жантөшев).
6. Бактын, үйдүн ж. б. жакын айланасы, жаны, тегереги. Карагайдын түбүн таап отура турсак кантет? (Жантөшев). Бекен булактын түбүнө келип отуруп, ойго чумуп кетти (Каимов).
7. Акыры, эң аягы. Тартпай койбойт түбүндө, Телтору аттын чалымын (Жантөшев). Сабырдын түбү сары алтын (макал).
8. Тек, ата-баба, түпкү теги, тукуму. Түп атаңыз Түгөл алп, Ушу турган Күлчоро Ойлосоң, уулум, атаңыз («Сейтек»).
Түп көтөрө к. көтөр. Түбүнө жетүү 1. жок кылуу, ойронуну чыгаруу, жоготуу;
2. кыйын абалга дуушар кылуу, жамандык кылуу, кызматтан түшүшүнө, уят болушуна ж. б. себепчи болуу. Балам, менин түбүмө жеткен баягы сөзүң болду — деп, атасы түбөлүк көзүн жумду («Жомоктор»).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: