|
тарт
|
|
этиш. 1. Өзүнө карай сүйрөө; булкуу, жылдыруу, жыюу, ордунан козголтуу. Карагай тарт. Колунан тарт. Араба тарт. Чана тарткан ат. Түндүк тарт. Буту-колун тартып, жыйналышып отуруу.
- 2. Чоюу, керүү. Жаа тарт. Тизгин тарт. Аркан тарт.
- 3. Транспорт менен кандайдыр бир жүктү ташуу, бир жерден экинчи жерге жеткирүү. Чөп тарт. Эгин тарт. Кызылча тарт.
- 4. Тамак-аш коюу, берүү. Эт тарт. Аш тарт. Табак тарт.
- 5. Тартуу кылуу. Алдына ат тартып, үстүнө чапан жабуу. Алтымыш буудан айдатып, Алдына тартуу тартпайбы («Эр Табылды»).
- 6. Таразалап ченөө, өлчөө. Эки кило кант тартып бере койчу. Нан тартып берүү. Даң, тарта турган таразаңар барбы? («Ала-Тоо»).
- 7. Музыкалык аспаптарды ойнотуу, күүгө келтирүү. Кыяк тарт. Чоор тарт. Сурнай тарт.
- 8. Данды тегирменден же жаргылчактан өткөрүү, майдалоо. Тегирменге ун тартып алуу. Жаргылчакка талкан тарт.
- 9. Белгилүү бир жакка багыт алуу, жөнөө, жүрүү. Жолтарт. Сапар тарт. Үйдү карай тартты.
- 10. Тамеки, нашаа, насыбай чегүү. Тамеки тарт. Папирос тарта баштады. Нашаа тарт.
- 11. Жабыштыруу, сыйпоо, жугузуу. Жарага чайыр тарт. Бетине көө тарт. Камыр тарт.
- 12. Кандайдыр бир түргө, кейипке келүү; бир абалдан экинчи абалга өтүү, өзгөрө түшүү. Кара көк тартты. Бозомук тарта баштады. Киргил тартты. Оорусу жеңил тартып калды. Иш кыйын тарта баштады. Күн салкын тартып калды.
- 13. Дуушар болуу, башынан кечирүү, өткөрүү, көрүү. Зыян тарт. Кайгы тарт. Запкы тарт. Азап тарт.
- 14. Кебетеси, кыялы, мүнөзү же башка белгилери боюнча окшоп, сыяктанып кетүү. Атасын тартып балбан болчудан («Ала-Тоо»). Энесин тартат көрүнөт, өңдүү-түстүү киши болуптур («Ала-Тоо»). Мал ээсин тартпаса, арам өлөт (макал).
- 15. Катыштыруу; жооптуу, милдеттүү кылуу, айыптоо. Кызматка тарт. Көпчүлүктүн ишине тарт. Жоопко тарт. Сотко тарт.
- 16. Белгилүү бир тарапты, адамды колдоого алуу, жактоо, болушуу, ошол жакка ниетин, пейлин салуу. Өз тууганына тартат. Өз жакынына тарткысы келет. Таанышына, жолдошторуна тартмак болду.
- 17. Сүрөт түшүрүү, бир нерсенин сүрөтүн, элесин салуу. Сүрөткө тарт. Сүрөтүн тартып берүү.
18. Жазы, жука нерсени (буюмду) керүү, керип илүү же калкалап коюу. Көшөгө тарт. Килем тарт. Туш кийиз тарт.
- 19. Бөлүштүрүү, бөлүштүрүп берүү (карта оюнунда карта бөлүштүрүү).
- 20. Төлгө салуу. Төлгөчү кара Төлөгүм, Төлгөңдү тартчы көрөйүн («Манас»).
- 21. Чабуу, чаап жиберүү. Жаакка тартып жиберүү. Камчы менен тартып калуу.
- 22. Өсүү, жетилүү. Бой тартып өсүп калган кези. Эс тарткан балдар.
- 23. Биринен экинчисине өтө, алмашыла баштоо. Күзгө тартып калды. Мезгил кышка тартып калган кез. Күндөр өтүп, айлар күзгө тартканда (Аалы).
- 24. Даярдоо, даярдап чыгаруу (арак, пиво ж. б. сыяктуу ичкиликтерге карата). Өзүнчө кылып санатты, Кымыздан тартып аракты («Мендирман».)
- 25. Бөлүп, ажыратып чыгаруу. Май тартып сүттөн сыгылып (Турусбеков). Тарткан сүттүн каймагы.
- 26. Катар, кырка ж.б. болуп туруу, тизилүү, туурасынан тура калуу. Туура тарт. Кырка тарт. Катар тарт. Уй мүйүз тартып отуруу.
- 27. Кандайдыр бир дабыш чыгара дем алуу, демин ичине тартылтуу. Коңурук тарт. Оп тарт. Кемпир ишене албай өңгөчүн тартып сүйлөдү (Сыдыкбеков). Дем тарта албай калды.
- 28. Оруу, чабуу, жандыруу ж.б. максаттарга ылайык шилтөө, шилтей аракет кылуу. Ширеңке тарт. Орок тарт. Береги чалгы тарткан келиндер негедир сумсайыңкы күлүшөт (Сыдыкбеков).
- 29. Белгилүү бир убактан, мезгилден баштап. Бүгүндөн тарта. Эртеңден тарта. Күздөн тарта. Келгенден тарта. Жаралгандан тарта.
- 30. Күч көрсөтүп же түрдүү аракеттерди, амалды колдонуп алып коюу, жулуп алуу, өзүнө оодарып, ыйгарып кетүү. Колуктуңду тартып кетиштиби? («Ала-Тоо»). Атын тартып алып коюшту.
- 31. «Токтот!», «жетишет!», «катылба!» деген мааниде колдонулат. Тарт тилиңди! Тарт колуңду!
- 32. Бирөөнү өзүнө жакындатуу, өзүнүн таасирине өткөрүү, үйүр кылуу. Баланы өзүнө тартып, боюна үйүр кылып алды.
|