суусун зат. 1. Суусагандык, чанкагандык. Толкуп аккан булакшан Суусунун мыктап кандырды («Эр Төштүк»). Дарбыздан суусун канат. 2. Суусунду кандыруучу, суусаганда ичүүчү суюктук. Колунан колкоз кызы суусун берди (Үмөталиев).