Меню
Эл-Сөздүк

сеп

I зат. 1. Кызды күйөөгө бергенде кошо берилүүчү кийим-кече, үй оокаттары жана түрдүү буюмдар. Солтобайга беремин Кызымды сонун түркүн сеп менен («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Кошумча. Бака сийсе, көлгө сеп (макал).
СЕП II: жаны сеп алуу — кичине эс алуу, дем алуу. Жаныңды такыр сеп алдырбас болдуң (Бейшеналиев).
СЕП III этиш. Майда же суюк нерсени бириндетип чачуу, себелөө. Эшик алдын шыпырып, суу сээп тазалайм (Абдукаримов). Арпа, буудай, сулулар Сеп кен жерде сеңселип (Нуркамал).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: