Меню
Эл-Сөздүк

оору

I зат. 1. Дарт, кесел, табы жоктук. Батмандап кирген оору мыскалдап чыгат (макал). Каныбек оорусунан абдан айыга элек (Жантөшев).
2. Сыркоо, ноокас, оорулуу. Ооруну сураса айыкканга тете (макал).
ООРУ II этиш. I. Ооруксунуу, сыздоо, чыдатпоо. Бүткөн боюмдун бардыгы кол тийгизбей.. ооруп калыптыр (Жантөшев). Катуу муштаса керек, дал ортом ооруп калыптыр.
2. Дартка, кеселге кабылуу, ноокастоо, сыркоолоо. Узак ооруду. Сасык тумоо менен ооруду.
Боору ооруу — бирөөгө жан тартуу, жаны ачуу, аёо. Акмат Каныбекке боору ооруп, эчен ирет сырын сураган (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: